Казакстан менен БУУ туруктуу өнүгүү келишимине кол койду

Казакстан менен БУУ туруктуу өнүгүү келишимине кол койду

Казакстан менен БУУ 2021-2025-жылдар аралыгындагы туруктуу өнүгүү багытындагы өнөктөштүк тууралуу келишимге Казакстан Республикасынын премьер-министринин биринчи орун басары Алихан Смаилов менен БУУнун Казакстандагы туруктуу өкүлү Норимаса Шимомура кол койду. Бул тууралуу Казакстандын премьер-министринин басма сөз кызматы маалымдады.

Кызматташтык программасы алдыдагы 5 жылда Казакстан менен БУУнун биргелешкен иш-аракеттеринин негизги документи болот. Ал үч багыттагы иштерди камтыйт: адамдын өнүгүшү жана теңдик катышуусу; натыйжалуу институттар, адам укуктары жана гендердик теңчилик; туруктуу айлана-чөйрө жана инклюзивдик экономикалык өнүгүү. 

«Мен жаңы программа келечекте кызматташуунун андан ары кеңейишине жана Казакстандын андан ары туруктуу өнүгүүсүнө, калкыбыздын жашоо-шартын жакшыртууга негиз болооруна  ишенем», - деди Алихан Смаилов.

Премьер-министрдин биринчи орун басары Казакстан БУУга мүчө болгон 27 жылдан ашык убакыт ичинде кызматташуунун бардык багыттары боюнча өнөктөштүктүн жогорку деңгээлине жетишкенин айтып өттү. Жаңы туруктуу өнүгүүнүн  2030-жылга карата күн тартибин жана анын 17 максатынын ишке ашыруу эки тараптуу биргелешкен иш-аракеттердин маанилүү багыттарынын бири экенин баса белгиледи.

Өз кезегинде Норимаса Шимомура акыркы бир нече жыл аралыгында Казакстан Өкмөтү менен БУУнун тобу ушул багыттарда, анын ичинде КМШ боюнча координаторлор кеңеши алкагында зор көлөмдүү иштер аткарылганын айтып өттү. Анын сөзү боюнча, жергиликтүү аткаруучулар, жергиликтүү бийлик органдары, жарандык коом жана жеке сектор менен өз ара натыйжалуу иш-аракеттер жүзөгө ашырылды, ошондуктан БУУ Казакстанга колдоосун кеңейтүүдө.

«Ушул учур БУУнун өлкөлүк командасы үчүн тарыхый окуя, анткени биз Казакстан Өкмөтү менен эл аралык кызматташуунун жаңы мезгилине кадам шилтедик. Биз кызматташуунун жаңы баскычын өкмөттүн, жарандык коомдун, академиялык топтордун, жеке сектордун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, эл аралык коомчулуктун жана БУУну кошкондо стратегиялык өнөктөштөрдүн ресурстарын пайдалануу аркылуу Казакстанды 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн күн тартибин ишке ашырууда андан ары алдыга умтулуу механизми катары караштырабыз», - деди Норимаса Шимомура.

Туруктуу өнүгүүнүн максаттарын ишке ашыруудагы өнөктөштүктүн өзгөчө мааниси тууралуу Мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев былтыр аяк оона айында Нью-Йоркто өткөн БУУ туруктуу өнүгүү жөнүндөгү саммитинде жана БУУ баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушуусунда сүйлөгөн сөзүндө айткан.

«БУУ менен өз ара иш-аракеттерди чыңдоо биздин тышкы саясатыбыздын маанилүү багыттардын бири», - деп Президент баса белгилеген.

Казакстан менен БУУ 2021-2025-жылдар аралыгында туруктуу өнүгүү багытындагы өнөктөштүк тууралуу келишимге кол коюп жатып, Казакстан Республикасынын премьер-министринин биринчи орун басары Алихан Смаилов менен БУУнун Казакстандагы туруктуу өкүлү Норимаса Шимомура коронавирус кеңири жайылган кезде анын дүйнөлүк жана экономикалык жагымсыз кесепеттерин басаңдатуу чараларын баалоо кыйын экенин айтышты. эки тарап биргелешкен күч-аракеттердин арты менен кыйынчылыктарды жеңүүгө жана туруктуулукка жетишүүгө болооруна ишеничин билдиришти.

 

Фото: egemen.kz