Куш тумоосу: Казакстан Орусия чек арасында чектөө киргизди

Куш тумоосу: Казакстан Орусия чек арасында чектөө киргизди

Баш оона айынын 4-күнүнөн тартып Казакстан Орусиядан канаттууларды, азык-түлүктөрдү ташып келүүгө жана транзит кылууга убактылуу чектөө киргизди. Бул коңшу өлкөнүн Челябинск аймагында куш тумоосунун H5N8 түрчөсү табылганына байланыштуу болду. 

Казакстандын айыл чарба министрлиги билдирген боюнча, куш тумоосунун вирусунун генетикалык материал табылганы тууралуу бир күн мурда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын Челябинск башкармалыгы маалымат тараткан. Ал маалыматта, өлгөн канаттуулардан алынган бардык үлгүлөрдөн кооптуу вирустун ошол түрчөсү табылганы камтылган. Адистердин айтымында, ал бардык түрдөгү куштарга жугушу мүмкүн. Анткени бул жугуштуулугу жогору, курч кармоочу вирустук оору айыл чарбалык, синатроптук жана жапайы канаттууларга массалык түрдө жугушу ыктымал.

«Казакстандын аймагында эпизоотиялык жагымдуу абалды сактоо максатында Айыл чарба министрлигинин Ветеринардык текшерүү жана көзөмөл комитети 2020-жылга баш оонанын 4-күнүнөн тартып Челябинск облусунан тирүү канаттуу, инкубациядан жумуртка, тыбыт жана канаттарды, куш этин жана термикалык иштетүүдөн өтпөгөн бардык түрдөгү канаттуу өнүмдөрүн, тоюткор жана тоют кошулмаларын (химиялык жана микробиологиялык синтез тоют кошулмаларынан  тышкары) таксидермикалык иштетүүдөн өтпөгөн аңчылык олжолорун, ошондой эле, канаттууларды кармоо, союу жана жиликтөө үчүн колдонулган эски жабдууларды ташып кирүүгө жана транзитке убактылуу чектөө киргизди», - деп айтылат билдирүүдө. 

Окумуштуулардын маалыматы боюнча, куш тумоосунун H5N8 түрчөсү адамдар үчүн анча коркунуч келтирбесе дагы ал тез мутация болууга жөндөмдүү жана айрыкча тумоонун башка түрлөрү менен ооруган адамдарга чоң коркунуч жаратышы ыктымал. Ошентип азыр республиканын чек арага чектеш облустарындагы эпизоотиялык кырдаал аймактык ветеринардык кызматтардын өзгөчө көзөмөлүнө алынган.  


Белгилей кетсек, Орусиядагы куш тумоосунан улам Казакстандын түндүк-батыш аймактары тобокел зонасында болуп жатат.

 

Фото: total.kz