Бейрут деңиз портундагы жарылуу: казакстандык консул жаракат алды

Бейрут деңиз портундагы жарылуу: казакстандык консул жаракат алды

Бейруттагы кечээки жарылуу социалдык тармактарга тез тарады. Окуянын видеосун бүткүл дүйнө жүзү көрдү. Ушул саатка карата 78 киши каза тапканы жана 4 миңдей адам жаракат алганы айтылууда. Жергиликүү ооруканаларга жабыркагандар дагы деле келип жатат. Мындан тышкары, турак жайлар жана кеңселер жабыркады. Казастандык дипломаттардын маалыматы боюнча, жарылуу очогунан бир нече километр алыс турган имараттардын терезе айнектери да талкаланган. Жарылуунун себеби азырынча аныктала элек.

Жергиликтүү телеканалдар ракеталык сокку болушу мүмкүндүгүн айтууда. Башкалар жарылуу пиротехника кампасында болду деп эсептешет. Ал эми Ливандын премьер-министри кырсыкка портто алты жылдан бери туура эмес шартта сакталып келген 2750 тонна аммиак селитрасы себеп болгонун билдирди.

«Кырсыктуу окуя үчүн күнөөлүүлөрдү таап, аларды жоопко тартып жана катаал жаза чаралары көрүлмөйүнчө менин жаным тынбайт», - деди Хассан Дияб.

Белгилей кетсек, жарылуудан Казакстандын Ливандагы Дипломатиялык миссиясынын имаратына дагы зыян келтирилди. Бактыга жараша, кырсыктуу окуяга чейин кызматкерлер иш күнүнүн соңунда кеңседен чыгып кетишкен. Иш ордунда консул гана калган, ал жеңил жаракат алды. РК Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, учурда казакстандык дипломаттар өкмөт менен ыкчам байланышта болуп, Бейрутта жашаган РК жарандарынын абалы жөнүндө маалыматтарды текшерип жатат.

 

Фото: ia-centr.ru