Казакстандык тынчтык орнотуучулардын кезектеги тобу Ливанга кетти

Казакстандык тынчтык орнотуучулардын кезектеги тобу Ливанга кетти

Ливанга казакстандык тынчтык орнотуучулардын төртүнчү тобу учуп кетти. 120 кишиден турган аскер кызматчылары 2019-жылдын жетинин айынан бери ошол өлкөдө турган мекендештерин алмаштырат. Алар «БУУнун убактылуу күчтөрүнүн» курамында иштейт. Тынчтык орнотуучулар аймактарга кайгуул жүргүзүү, калкка жардам берүү, байкоо салуу бекеттерин уюштуруу жана башка иш-чараларды уюштурууга жардам берет. Айта кетсек, 2018-жылдын тогуздун айынан тартып БУУнун мандатына ылайык казакстандык аскер кызматчылар индиялык тынчтык орнотуу батальонунун курамына кошулган. Алар күн сайын биргеликте 50 чакты тапшырманы аткарат.

«Ротанын курамында бардык аймактык командачылыктын жана башка бөлүктөрдүн аскер кызматчылары бар. Кичи командалык курам, офицердик курам жана байланыш адистери 7 ай бою даярдыктан өттү. Өздүк курам Индиядагы тынчтык орнотуу борборунда даярдалды», - дейт төртүнчү бирдиктүү тынчтык орнотуу ротасынын командири Жанат Бирбаланов.

Белгилей кетсек, эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен өздүк курамдын ден соолугун сактоо үчүн аскер кызматчыларын жөнөтүү эки этап менен – баш оона айынын башында жана ортосунда жүргүзүлөт. 

 

Фото: newtimes.kz