Фармацевтикалык шериктештик: Казакстан чет өлкөлөр менен жаңы инвестициялык долбоорлорду өнүктүрүүгө белсенүүдө

Фармацевтикалык шериктештик: Казакстан чет өлкөлөр менен жаңы инвестициялык долбоорлорду өнүктүрүүгө белсенүүдө

Казакстан жана Иордания ветеринардык жана медициналык багыттагы буюмдарды өндүрүү жаатында биргелешкен долбоорду ишке ашырууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу Казакстандын Иорданиядагы элчилиги менен Казак Инвест УК ААК уюштуруусу жана катышуусу менен эки компаниянын өкүлдөрүнүн ортосундагы онлайн сүйлөшүүлөр учурунда жетишилди, деп билдирет Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Иорданиянын Фармацевтика компаниясынын башкы мүдүрү Абдельмуним Шараф Казакстандын жагымдуу инвестициялык климатты, ошондой эле, өлкөнүн дарамети менен рыноктук шарты бар рационалдуу жайгашкандыгын жана ЕАЭБге мүчөлүгүн эске алуу менен ветеринардык препараттарды биргелешип өндүрүүгө кызыктар экендигин белгиледи. Өз кезегинде улуттук компаниянын башкаруучу мүдүрү Арман Данаев өлкөдөгү инвестициялык мүмкүнчүлүктөр менен тааныштырып, Иордания тарапка чет өлкөлүк инвесторлор үчүн жеңилдиктер жана преференциялар тутуму жөнүндө маалымат берди.

Онлайн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар ветеринардык фармацевтика тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун практикалык маселелерин талкуулоо үчүн жумушчу топ түзүүнү макулдашты.

Аны менен катар, Индиянын бизнес коомчулугунун өкүлдөрү дагы бул жааттагы өнөктөштүктүн келечеги кең экендигине ишенишет. Казакстандын Индиядагы элчилиги «Kazakh invest» УК биргелешип уюштурган вебинарга 100дөн ашык бизнес өкүлдөр катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө казак тарап өлкөдөгү жаңы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңири тааныштырды. Өз сөзүндө Казакстандын Индиядагы элчиси Эрлан Алимбаев эки өлкөнүн ортосундагы соода жана инвестициянын тез өсүп жаткандыгын белгиледи. 2020-жылдын беш айынын жыйынтыгы боюнча бул көрсөткүч 1,57 миллиард долларды түзгөн. Казак тарап индиялык бизнес өкүлдөрүн эки өлкөнүн ортосундагы мүмкүнчүлтөрдү натыйжалуу пайдаланууга, ошондой эле, жаңы инвестициялык долбоорлорго жигердүү катышууга чакырып өттү.

Мындан тышкары, индиялык ишкерлер казакстандык кесиптештери менен курулуш, энергетика, инфраструктура, химия, текстиль жана тамак-аш өнөр жайы тармагында өз ара кызматташтыкты арттырууга ниетин билдирди.

 

Фото: mail.ru