Теке айынын 13 – жалпы улуттук аза күтүү күн

Теке айынын 13 – жалпы улуттук аза күтүү күн

Бүгүн Казакстанда коронавирустан каза болгондор үчүн жалпы улуттук аза күтүү күнү. Мамлекеттик желектер түшүрүлүп, көңүл ачуу иш-аракеттери токтотулуп, телекөрсөтүү жана радио уктуруу желелери өзгөртүлдү. Нур-Султан убактысы боюнча саат 12.00дө бүткүл өлкө боюнча бир мүнөттүк жымжырттык жарыяланды. Өлкөдөгү мечиттер менен чиркөөлөрдө курман болгондордун арбагына багышталып диний жөрөлгөлөр жасалат.

Капыстан келген эпидемия дүйнө жүзү боюнча 569 миңге жакын адамдын өмүрүн жалмады. Бүгүнкү күнгө чейин COVID-19 кесепетинен Казакстанда 375 жаран каза болду. Өлкөдө жарыяланган аза күтүү - маркумдардын жакындарынын ар биринин кайгысын тең бөлүшүү, көз жумгандарга тирүүлөр амандык тилеп, урмат көрсөтүүнүн үлгүсү.

«Ар бир казак – менин жалгызым» дегендей ар бир жараныбыздын казасы менин жүрөгүмө оор тийди. Бул коркунучтуу илдет арабыздан көптөгөн асылдарыбызды алып кетип жатат, тартып алып жатат. Жакындарынан айрылган адамдардын кайгыларына ортоктош болуп, көңүл айтам», - деп айтылат мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаевдин элге арнаган теле кайрылуусунда.

Коронавирус илдети менен күрөштү башынан өткөрүп жаткандардын бири - Казакстан Республикасынын Туңгуч Президенти, Эл Башы Нурсултан Назарбаев. Бүгүн ал кара жамынган үй-бүлөлөргө көңүл айтты.

«Алаамат биздин элибиздин өмүрүн жалмап кетүүдө. Бул баарыбыздын кабыргабызды кайыштырып жатат. Ар бир курман болгон адамдын артында кара жамынган адамдардын - аталар менен энелердин, кыздары менен уулдарынын, досторунун күйүтү турат. Мезгилсиз дүйнөдөн өткөндөрдүн туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Биз биримдик менен ынтымактын аркасында көптөгөн сыноолордон өттүк. Өлкө катары биз бул кыйынчылыкты да жеңебиз деп ишенем», - деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Азыркы милдет - көз жумгандарды жоктоо эле эмес, коронавирусту ооздуктап, өмүр үчүн күрөшүп жаткан бейтаптарды ажал оозунан алып калуу, санитардык талаптарды сактоо жана жакындардын амандыгы үчүн жоопкерчиликте болуу. Бул тууралуу:

«Казактар ​​өз тарыхындагы мындан да оор сыноолорду баштан кечирип, көптөгөн тар жана тайгак жолдорду басып өткөн эл. Ушунун баарында биз биримдик менен ынтымакты сактап калдык. Эгер бүгүн биримдикти көрсөтсөк, оорунун күчөшүнө жол бербейбиз. Андыктан, ар бирибиз жакындарыбызга таяныч болуп, адистер койгон талаптарды аткарууга өзгөчө көңүл буралы! Келгиле, ар бир жараныбыздын амандыгы үчүн чогуу күрөшөлү!», – деп жазды Парламент Сенатынын Төрагасы Маулен Ашимбаев.

«Kazakh TV» телеканалынын жамааты эпидемиядан каза болгондордун үй-бүлөлөрү менен жакындарына көңүл айтат. Өлкө тынч, эл аман болсун.

 

Фото: inform.kz


×