Казакстанга Орусиядан гуманитардык жүк келди

Казакстанга Орусиядан гуманитардык жүк келди

Нур-Султанга Орусия Федерациясынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын борту менен гуманитардык жүк жеткирилди. Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, жардам Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен Орусия Федерациясынын премьер-министри Михаил Мишустиндин ортосундагы COVID-19 илдетине каршы күрөшүү жөнүндө макулдашуунун уландысы болуп саналат.

«Орусия Федерациясынын гуманитардык жардамына медициналык маскалар, коргоочу кийимдер жана дары-дармек каражаттары кирет. Казакстандагы гуманитардык жардамдын бирден-бир оператору - «СК-Фармация» ЖЧК болуп эсептелет», - деп айтылат Тышкы иштер министрлигинин кабарлоосунда.

Ошондой эле, алдыдагы убакытта Орусиядан дагы бир нече рейс менен гуманитардык жүк келе турганы айтылды.

«Казакстандын Тышкы иштер министрлиги коронавирус пандемиясы менен күрөшүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн Орусия Өкмөтү менен боордош элге ыраазычылыгын билдирет», - деди мекемеден.

 

Фото: inform.kz


×