Серепчи: саламаттык сактоо жана туризм – Казакстан менен Кытай кызматташтыгынын келечектүү тармагы

Серепчи: саламаттык сактоо жана туризм – Казакстан менен Кытай кызматташтыгынын келечектүү тармагы

Дүйнөлүк экономика акырындан калыбына келүүдө. Өндүрүш жанданып, ишканалар өндүрүшүн көбөйтө баштады. Кытайдын Казакстандагы мурдагы элчиси Яо Пэйшэн Казакстан менен Кытайдын коронавируска каршы биргелешкен аракетин жогору баалады. Ал келечекте эки өлкө саламаттык сактоо тармагында кызматташууну күчөтүүгө тийиш, деп эсептейт.

«Эпидемиянын башталышында Казакстан Кытайга жардам колун сунду. Студенттерди өлкөгө кайтарып, гуманитардык жардам көрсөттү. Андан кийин биз да сиздердин өлкөгө жардам бердик. Бул чыныгы стратегиялык өнөктөштүктүн белгиси. Адистердин айтымында, коронавирус келечекте кайталанышы мүмкүн. Ошондуктан биз саламаттык сактоо жаатында кызматташышыбыз керек», - деп маалымдады Кытайдын Казакстандагы мурунку элчиси Яо Пэйшэн.

Анын айтымында, Нур-Султан жана Пекин шаарлары туризм алакаларын да өнүктүрүшү зарыл. Эки өлкөнүн борборлору 2006-жылы боордош шаарлар аталган. Ошондон бери бардык тармактардагы эки тараптуу мамилелер жылдан жылга өнүгүп келе жатат. Алсак, Пекин эл аралык ЭКСПО-2017 көргөзмөсүнө катышкан. Бүгүнкү күндө шаарлардын ортосунда түз аба каттамы бар. Пандемия аяктагандан кийин темир жол кызматтарын жандандыруу керек, деп эсептейт дипломат. Себеби, Улуу Жибек Жолундагы өлкөлөр тарыхка кызыккандар үчүн өзгөчө жагымдуу.

«Мен жүргүнчү поездин ишке кошууну сунуш кылам. Бул туристтерди көбүрөөк тартат. Менин оюмча, Нур-Султан туристтик шаарга айланууда дарамети чоң. Ошондуктан шаар бийлиги жакынкы 5 жылда борборго 3 миллион турист тартууну көздөп жатат. Ал эми алардын  басымдуу бөлүгү кытайлык жарандар болушу мүмкүн. Анткени биз географиялык жактан жакынбыз», - дейт Кытайдын Казакстандагы мурунку элчиси  Яо Пэйшэн.

 

Фото: vlast.kz