«C5+1»: БА өлкөлөрү менен АКШ ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жогорку деңгээлдеги жолугушууда талкууланды

«C5+1»: БА өлкөлөрү менен АКШ ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жогорку деңгээлдеги жолугушууда талкууланды

«С5+1» жогорку деңгээлдеги кезектеги жолугушуусу Борбордук Азиядагы беш өлкөнүн тышкы иштер министрлери жана АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео жана анын орун басары Дэвид Хейлдин катышуусу менен видео конференция форматында өттү. Иш-чарага Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди катышты.

Видео-конференциянын катышуучулары соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүнүн жолдору жана пландары, ошондой эле, COVID-19 пандемиясынын жайылуу коркунучуна каршы күрөшүү боюнча биргелешкен аракеттерди талкуулашты. Жолугушууда Ооганстан Ислам Республикасында тынчтыкты жана стабилдүүлүктү колдоо боюнча чаралар тууралуу да сөз болду.

Казакстандын Тышкы иштер министри АКШнын инвестицияларын жана технологияларын Борбордук Азияга тартуу жана  ал үчүн «Астана» Эл аралык каржы борборунун платформасын пайдалануу боюнча «C5+1» диалогу алкагында ишти улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи. М.Тлеубердинин айтымында, глобалдык таасирлерге карабастан платформа Борбордук Азия менен АКШнын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, транзиттик-транспорттук дараметти өнүктүрүүдө, айлана-чөйрөнү коргоодо жана аймактык коопсуздукту бекемдөөдө технологияларды жана талдоочулук жардамды тартууга, курчаган чөйрөнү сактоого дана аймактык коопсуздукту бекемдөөгө арналган натыйжалуу аянт бойдон кала берерин билдирди.

Ошондой эле, аймактын тышкы иштер министрлери экономикалык жана соода интеграциясынын маанилүүлүгүн айтышты. Тараптар аймактык маселелерди биргелешип чечүү үчүн кызматташууну активдештирүү ниетин билдиришти.

«C5+1» форматы 2015-жылдан бери иштейт жана Борбордук Азиянын беш мамлекети менен АКШнын кызматташтыгынын көп тараптуу механизми болуп саналат.

Фото: gov.kz