Парламент VI чакырылыштын бешинчи сессиясын аяктады

Парламент VI чакырылыштын бешинчи сессиясын аяктады

Бүгүн Парламентте бешинчи сессиянын жыйынтыгында палаталардын биргелешкен отуруму болуп өттү. Депутаттардын эс алуусунун алдындагы акыркы отурумда Мажилис Төрагасы Нурлан Нигматулин ишти жыйынтыктады. Жалпысынан сессиянын жүрүшүндө палаталардын биргелешкен 3 отуруму болуп өттү. Бешинчи сессияда эки палатада 161 мыйзам долбоору каралып, алардын 98и кабыл алынган. Бүгүнкү күндө Парламент тарабынан кабыл алынган мыйзамдардын жарымынан көбүнө Президент тарабынан кол коюлуп, күчүнө кирди.

Нурлан Нигматулин өз сөзүндө кабыл алынган 2020-2022-жылдарга республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга өзгөчө көңүл бурду. Анын айтымында, мыйзам мамлекеттик саясаттын социалдык багыттарын толук көрсөтөт. Ошондой эле, Мажилис спикери үч жылдык бюджеттин чыгашаларынын артыкчылыктуу беренелери адам капиталын өнүктүрүүгө, сапаттуу медициналык жардамды күчөтүүгө, элди натыйжалуу жумуш менен камсыз кылууга багытталганын белгиледи. Мындан сырткары, ал бюджеттин артыкчылыктуу багыттарына экономиканын реалдуу тармагынын өсүшү, технологиялык модернизациялоо жана экономиканын тармактарын санариптештирүү үчүн шарт түзүү, турак-жайга жеткиликтүүлүктү жогорулатуу сыяктуу чыгашалар кирерин айтты.

Бешинчи сессиянын жүрүшүндө депутаттар казакстандыктардын турмушундагы актуалдуу маселелерди чечүү үчүн мыйзамдарды демилгелөө боюнча конституциялык укугун жигердүү  колдонушту. Бул сессияда депутаттар өздөрү демилгелеп 35 мыйзам долбоорун иштеп чыгышкан, алардын 12си кабыл алынып, 23ү боюнча иш алып барылууда.

Белгилей кетсек, депутаттар эне менен баланы коргоо, салык салуу, аудитордук текшерүү, кылмыш-жаза мыйзамдарын өркүндөтүү, үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы күрөш, айыл жеринде интернетке кирүүнү камсыз кылуу, билим берүү, илим жана башка маселелер боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелешти.

Учурда Парламентте дагы 61 мыйзам долбоору бар. Алар алдыдагы алтынчы парламенттик сессияда депутаттар тарабынан каралат. Буга байланыштуу Мажилис депутаттарынын алдында мисалы, каатчылыктан кийинки мезгилде ички экономиканы турукташтыруу жана Казакстандын прогрессин тездетүү үчүн бардык аракеттерди жасоо сыяктуу жалпы милдет турат.

 

Фото: zakon.kz