Гуманитардык жардам: Казакстан кимге кандай колдоо көрсөтөт?

Гуманитардык жардам: Казакстан кимге кандай колдоо көрсөтөт?

Казакстан Ооганстанга кырк алты вагон гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Бардык санитардык-эпидемиологиялык стандарттарга ылайык, 1900 тонна ун, 500 тонна макарон, 4000 литр күн карама майы жана 200 миң банка коюлтулган сүт жеткирилди.

Ооганстан Ислам Республикасынын элине расмий өткөрүп берүү аземине Тышкы иштер министрлигинин, Балх провинциясынын администрациясынын жана Казакстандын дипломатиялык миссиясынын өкүлдөрү катышты. Азык-түлүк товарлары муктаж аймактардын жашоочуларына таратылат.

Белгилей кетсек, Казакстан өткөн айда Кыргызстан менен Тажикстанга 3 миллион доллардан ашык суммасындагы 5000 тонна көлөмүндө ун жеткирген.

Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлиги дүйнөлүк коомчулуктун мүчөлөрүнө гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча өз ара жардамдашууну жалпы кабыл алынган эл аралык тажрыйба экендигин билдирет. Бүгүнкү күндө COVID-19 глобалдык пандемиясынын шартында көптөгөн өлкөлөр бул сыноого каршы туруу максатында ар кандай жардамдарды көрсөтүп жатышат. Казакстан дагы бул ишке  жигердүү катышууда.

Жалпысынан гуманитардык жардам көрсөтүү Казакстандын тышкы саясатындагы маанилүү багыттардын бири. Акыркы жылдары Казакстан Антигуа жана Барбуда, Ооганстан, Бангладеш, Кыргызстан, Молдова, Монголия, Мьянма, Пакистан, Сербия, Сирия, Түркия, Жапония жана башка көптөгөн мамлекеттерге ар кандай жардамдарды жөнөткөн.

 

Фото: tengrinews.kz