Бухарестте «Нур-Султан» паркы ачылып, Абай эстелиги орнотулат

Бухарестте «Нур-Султан» паркы ачылып, Абай эстелиги орнотулат

Кулжа айынын 30да Румыниянын борборунда «Нур-Султан» сейил багы ачылып, улуу казак акыны Абайдын эстелиги тургузулат. Бул тууралуу «Есиль» районунун акими Берик Жакенов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында жарыялады. Ал бул эки өлкөнүн элчилеринин ишинин натыйжасы деп түшүндүрдү.

Берик Жакеновдун айтымында, учурда тараптар көрктөндүрүү жана чарбачылык жүргүзүү жаатында тажрыйба алмашууда.

«Чет элдик өнөктөштөр борбордун экономикалык маселелерде (санитария, көрктөндүрүү ж.б.) тажрыйбасына кызыгышты. Ал эми бизди алардын көрктөндүрүү жана шаар куруу тажрыйбасы кызыктырат. Өзүбүзгө кандай багытта иш алып барарыбызды аныктап алдык. Эми тыгыз байланышта болобуз», - деп кошумчалады аким.

Ошондой эле, «Есиль» районунун акими Нур-Султан шаары Москва, Казань, Будапешт муниципалитеттери менен Орусия Федерациясынын Орлов облусунун администрациясы жана башкалар менен да тыгыз байланышта экендигин белгиледи.

 

Фото: experience.tripster.ru


×