САМСА форуму: Борбордук Азия, Монголия, Кавказ жана Ооганстан мамлекеттери аймактын өнүгүшүн талкуулады

САМСА форуму: Борбордук Азия, Монголия, Кавказ жана Ооганстан мамлекеттери аймактын өнүгүшүн талкуулады

Коронавирус пандемиясы менен күрөшүү, ички аймактык сооданы жана ишкерчиликти өнүктүрүү, аймактык коопсуздук жана санариптик трансформациянын негизги өңүттөрү. Дал ушундай темада Борбордук Азия, Монголия, Кавказ өлкөлөрү жана Ооганстандагы коомдук уюмдардын, ошондой эле расмий, илимий жана ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрү жылда өтүүчү жетинчи аймактык CAMCA форумунда (Central Asia-Mongolia-Caucasus-Afghanistan, CAMCA) талкуу жүргүзүүдө.

Бул жолу иш-чара онлайн-форматта өтөт жана Кулжанын 19-күнүнө чейин уланат.

Казакстан тараптаны атынан биздин өлкөнүн АКШдагы элчиси Ержан Казыханов жана «Астана» эл аралык каржы борборунун башчысы Кайрат Келимбетов катышат.

Белгилей кетсек, биринчи жолу уюштурулган 2014-жылы тартып форумдун ишине 160 баяндамачы, бүткүл дүйнөдөн 25 мамлекеттин жаан 150 компаниянын өкүлдөрү катышкан. Эксперттер белгилегендей, анын иши аймактагы өлкөлөрдүн жаш лидерлери ортосундагы диалогду жандандырууну жана бирге аракеттенүүсүнө түрткү берет. Ошондой эле, ар кыл тармактардын кесипкөй адистери ортосундагы кызматташуу аймактык деңгээлдеги экономикалык, саясий жана социалдык өнүгүүгө олуттуу деңгээлде өбөлгө түзөт.

Кийинки аймктык форум 2021-жылы Алматы шаарында өтөөрү күтүлүүдө. Анда ички аймактык соода, транспорт жана транзит, бизнес жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөр, геосаясий жана экономикалык тенденциялар, адам капиталын өнүктүрүү жана башка темалар талкууланат.

 

Фото: 24.kz


×