БУУ Казакстандын саясий реформаларын жогору баалады

БУУ Казакстандын саясий реформаларын жогору баалады

Казакстанда жүргүзүлгөн саясий реформалар эл аралык беделдүү уюм тарабынан жогору бааланды. Бул тууралуу Казакстандын БУУнун Женевадагы туруктуу өкүлү Жанар Айтжанова менен БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишель Бачелеттин ортосундагы онлайн-жолугушуу учурунда айтылды. Жолугушууда тараптар Казакстандын Президентинин саясий реформаларды ишке ашыруу маселесин талкуулашкандыгын Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Мишель Бачелет өлкөдөгү тынч чогулуштар, саясий партиялар чөйрөсүндөгү, ошондой эле, жалаа жабууну декриминализациялоого тиешелүү саясий реформаларын белгилеп өттү. Анын айтымында, бул реформалар өлкө БУУга мүчө мамлекеттердин Дүйнөлүк мезгилдүү талдоонун үчүнчү циклинде берген сунуштарын олуттуу кабыл алып, аларды өз убагында жүзөгө ашыруу боюнча иштеп жаткандыгын көрсөтөт.

Жанар Айтжанова ушул долбоорлорду жүзөгө ашырууда көрсөткөн жардамы үчүн Жогорку Комиссарга ыраазычылык билдирди. Ошондой эле, ал президент Касым-Жомарт Токаев саясий атаандаштык жана плюрализмдин көп партиялуу тутумун өнүктүрүүгө көңүл бурганын белгиледи. Мындан сырткары, туруктуу өкүл Казакстанда конституциялык мыйзам деңгээлинде биринчи жолу сунушталып жаткан парламенттик оппозициянын концепциясын жайылтууга багытталган демилге экенине токтолду. Ошондой эле, Жогорку Комиссар Казакстандын мамлекеттин жарандык коом менен мамилесин чыңдоо боюнча жүргүзүп жаткан иши менен таанышты.

Жолугушуунун аягында Казакстандын туруктуу өкүлү Казакстан менен БУУнун ортосундагы кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгилеп, келишимдик органдар, атайын жол-жоболор жана Уюмдун башка механизмдери аркылуу ачык жана конструктивдүү диалог аркылуу ишке ашырылуусунун маанилүүлүгүн атап өттү. Ошондой эле, ал БУУнун келишим органдарынын тутумун, анын натыйжалуулугун жана оптимизациясын жогорулатуу боюнча реформалоо демилгесин колдой турганын билдирди.

 

Фото: mk-kz.kz