Бүгүн – БУУнун тынчтык орнотуучулар күнү

Бүгүн – БУУнун тынчтык орнотуучулар күнү

Бугу айынын 29 – дүйнөдө БУУнун Тынчтык орнотуучулардын эл аралык күнү белгиленет. Тынчтыкты коргоого багытталып 1948-жылы иштей баштаган эл аралык уюм ушул убакка чейин 70тен ашуун миссияны уюштурган. Учурда дүйнөдө БУУнун 15 тынчтыкты орнотуу операциясы жүргүзүлүп жатат. Анын Ливандагы миссиясына 42 мамлекеттин аскерлери менен катар казак аскерлери да катышууда. Индиянын батальонунда 120 жоокерден турган казакстандык рота милдетин өтөп жатат.

«БУУнун Ливандагы тынчтык күчтөрүнүн негизги милдети Коопсуздук Кеңешинин 1701 резолюциясын аткаруу. Тактап айтканда, аймакта куралдуу кагылышуулардын алдын алуу аракеттери. Ал эми казакстандык ротага көк сызык боюнча тынчтык орнотуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу милдети жүктөлгөн. Ошондой эле, 16 чакырымдык аймакты көзөмөлдөп, калкка ар кандай жардамдарды көрсөтүү боюнча функцияларды ишке ашыруу биздин мойнубузда», - дейт Ливандагы Казакстан тынчтык күчтөрү контингентинин командири Жанибек Нурланов.

Дүйнөлүк жана салттуу диндер лидерлеринин съезди, Сириядагы кырдаалды турукташтыруу боюнча Астана сүйлөшүүлөрү, Ядролук сыноолорго ар тараптуу тыюу салуу жөнүндө келишим, ATOM долбоору,  «Дүйнө.ХХІ кылым» манифести сыяктуу тынчтык демилгелери менен белгилүү болгон Казакстан тынчтык менен коопсуздукту бекемдөө жолунда ак кызматын улантууда.

Фото: sputniknews.kz