Казакстандын Австралия менен Филиппиндеги элчилери дайындалды

Казакстандын Австралия менен Филиппиндеги элчилери дайындалды

Мамлекет башчысынын жарлыгы менен эки мамлекетте жаңы элчилер дайындалды.

Президент Касым-Жомарт Токаев кол койгон жарлыкка ылайык, Казакстан Республикасынын Индонезия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Данияр Кабидуллаулы Сарекенов Казакстан Республикасынын Филиппины Республикасындагы элчилик кызматын кошо аткаруучу деп дайындалды.

Ал эми Казакстан Республикасынын Сингапур Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси жана Казакстан Республикасынын Жаңы Зеландиядагы элчиси кызматын кошо аткаруучу болуп Аркен Кенесбекулы Арыстанов Казакстан Республикасынын Австралия Шериктештигиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилик кызматын чогуу аткаруучусу болуп  дайындалды.

 

Фото: almaty.tv