«The Washington Times» Казакстанды антипандемиялык модель деп атады

«The Washington Times» Казакстанды антипандемиялык модель деп атады

АКШдагы таасирдүү басылмалардын бири The Washington Times сайтында Казакстандагы антикоронавирус чаралары жөнүндө макала жарык көрдү. Америкалык басылма Казакстандын пандемияга каршы күрөшүү чараларын талдап жатып, өлкөны Борбордук Азияга үлгү болгон андипандемиядык модель деп атады. Мындай жогору баага өлкөдө COVID-19дун алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана оор мезгилде медициналык кызматкерлерге каржылык колдоо себеп болду.

«Эки тараптуу колдоо өз жыйынтыгын берди. Казакстандагы COVID-19 пандемиясы дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөгүдөй геометриялык прогрессияда өсүп жаткан жок» -деп жазады басылма.

Чет элдик басылма Казакстандын пандемияга каршы аракеттерине Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму жана башка эл аралык серепчилер оң баалаганын да эске салган.

«Өлкөнүн өкмөтү тез чара көрдү жана алгачкы учурдан баштап эле эрте карантин режимин киргизди. Коомдук унаа токтотулуп, көпчүлүк мекемелер аралыктан иштөө режимге өтүп, көчөлөр менен үйлөр тез-тез дезинфекцияланды. Жабыркагандарга өз убагында жардам көрсөтүлдү. Мына ушундай  чаралар вирустун жайылышын алдын алды», – деп баяндалат макалада.

 

Фото: zakon.kz