Казакстандын COVID-19 пандемиясы менен күрөшүү чаралары жогору бааланды

Казакстандын COVID-19 пандемиясы менен күрөшүү чаралары жогору бааланды

Президент Касым-Жомарт Токаев БУУнун Башкы катчысы Антонио Гутерриш менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн Акорда сайты жазды.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар БУУ жана Казакстан тарабынан COVID-19 пандемиясын жана анын кесепеттерин жоюу боюнча көрүлүп жаткан чараларды талкуулашты. Казакстандын Президенти пандемиянын улуттук экономика менен саламаттык сактоо тутумуна тийгизген терс таасирин азайтуу боюнча БУУнун Башкы катчысынын жигердүү аракетин жогору баалады.

Касым-Жомарт Токаев учурдагы кырдаалдын глобалдык каатчылыкка каршы күрөшүүдө алдыңкы сапта жүргөн БУУнун жана анын агенттиктери маанилүү роль ойноп жатканын баса белгиледи.

«Казакстан эл аралык коопсуздукту жана экономиканы калыбына келтирүүгө багытталган БУУнун демилгелерин толугу менен колдойт», - деп баса белгиледи Касым-Жомарт Токаев.

Өз кезегинде Антонио Гутерриш Касым-Жомарт Токаевге БУУнун демилгелерин колдогону жана аймактык деңгээлде коронавируска каршы күрөшүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле, Антонио Гутерриш Казакстандын деңизге чыгууга жолу жок өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн 2020-2021-жылдардагы төрагалыгын жогору баалады. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө БУУнун Башкы катчысы Касым-Жомарт Токаевди "COVID-19 жана андан кийинки өнүгүү тармагын каржылоонун жогорку деңгээлдеги сегменти" форумуна катышууга чакырды. Иш-чара бугу айынын 28де видеоконференция форматында өтөт.

Мындан тышкары, Президент Касым-Жомарт Токаевдин атына Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдогандын каты келип түштү. Документте түрк лидери Казакстандын COVID-19 эпидемиясына каршы иш-чараларына колдоосун билдирген. Бул тууралуу Акорда кабарлады.

«Казакстанда COVID-19 илдетине каршы кабыл алынып жаткан натыйжалуу чаралар менен иш-аракеттериңизге тыкыр көз салып турабыз. Эң биринчиден, эпидемияга каршы күрөшүүнүн алдыңкы орунда турган медицина кызматкерлеринин ишине ийгиликтерди каалайм. Мен казак эли бул каатчылыкты өз күчү менен жеңип чыгат деп ишенем. Бул жаатта биз боордош Казакстанга жардам берүүгө ар дайым даярбыз. Казакстандык досторубузду колдоо иретинде өлкөңүзгө медициналык жабдууларды жөнөтүп жатам», – деп айтылат маалым катта.