Улуу Британия менен Казакстан кызматташууну бекемдөөнүн жаңы багыттарын талкуулады

Улуу Британия менен Казакстан кызматташууну бекемдөөнүн жаңы багыттарын талкуулады

COVID-19 пандемиясынан кийин Казакстан менен Улуу Британия маданият жана тышкы саясат жаатында ачык, ишенимдүү кызматташууну улантууга тийиш. Бул тууралуу Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлиги департаментинин жетекчиси Пол Браммелл Британ-Казак коомчулугу уюштурган онлайн жыйында билдирди.

«Мен элчи болуп турган кезде Британ Кеңеши «Болашак» программасы менен тыгыз байланышта болгон жана бүгүнкү күндө да бул мамиле уланып жатат. Ошондой эле, Уэльс композитору Карл Дженкинс дагы Батыш Казакстандын эң таланттуу филармониялык оркестрлери менен биргелешип альбом жазды. Мындан тышкары, англис футбол күйөрмандары Дүйнөлүк чемпионатка тандоо оюнуна Алматыга барып, казакстандыктардын меймандостугуна суктанганы дале эсимде», - деди Улуу Британия ТИМ департаментинин жетекчиси Пол Браммелл.

 

Фото: 24.kz