Кадрдык орун алмашуулар: ким жана каякка?

Кадрдык орун алмашуулар: ким жана каякка?

Казакстанда түшкө чейин эки кадрдык орун алмашуу болуп, президент Касым-Жомарт Токаев тиешелүү жарлыкка кол койду. Ошентип, буга чейин маалымат жана социалдык өнүктүрүү министри кызматын аркалаган Даурен Абаев Казакстан Республикасы Президентинин Акимчилиги Башчысынын биринчи орун басары болуп дайындалды.

«Даурен Аскербекулы Абаев Казакстан Республикасы Президентинин Акимчилиги Башчысынын биринчи орун басары болуп дайындалсын», - деп айтылат Акорда сайтында жарыяланган РК Президенти Касым-Жомарт Токаевдин жарлыгында.

Айта кетсек, Даурен Абаев бул кызматка Маулен Ашимбаевдин ордуна келди. Маулен Ашимбаев бүгүн Сенат Төрагасы болуп дайындалды.

Маалымат жана социалдык өнүгүү министри кызматын Аида Балаева ээледи.

«Аида Галымовна Балаева Казакстан Республикасынын Маалымат жана социалдык өнүгүү министри болуп дайындалсын», - деп айтылат Президенттин жарлыгында.

Буга чейин, тагыраак айтканда, 2019-жылдын теке айынан баштап Аида Балаева Казакстан Республикасынын Президентинин жардамчысы - Казакстан Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кайрылууларды карап чыгууну көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап келген.

 

Фото: ktk.kz