ЕБ: Казакстан гуманитардык жардамга муктаж өлкөлөрдүн катарына кирбейт

ЕБ: Казакстан гуманитардык жардамга муктаж өлкөлөрдүн катарына кирбейт

Казакстан гуманитардык жардамга муктаж өлкөлөрдүн катарына кирбейт. Анткени өлкө кирешеси ортодон жогору мамлекет деп саналат. Бул тууралуу Европалык Биримдиктин тышкы иштер жана саясий коопсуздук боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель маалымдады деп Казакстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Бул тизмеге ылайык, Европалык Биримдиги тарабынан Түркмөнстанга да гуманитардык жардам берилбейт.

Айта кетсек, Европа Биримдик коронавирус менен күрөшүү үчүн уюмга мүчө өлкөлөргө 20 миллиард евродон каржы бөлүүгө ниеттенүүдө. Бул каржы Африка, Азия, Тынч Океан аймагы, Латын Америкасы, Кариб деңизи жана башка да өлкөлөргө багытталат. Борбордук Азия чөлкөмүндө каржылык колдоону Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан өлкөлөрү алат деп күтүлүүдө.

 

Фото: belta.by