Түрк Кеңешинин Президенттери COVID-19га каршы күрөшкө арналган видео конференциясы өтөт

Түрк Кеңешинин Президенттери COVID-19га каршы күрөшкө арналган видео конференциясы өтөт

Бүгүн Түрк кеңешинин президенттери онлайн түрдө жолугушат. Коронавируска байланыштуу кезектен тыш видео саммитте кооптуу илдеттин улуттук жана дүйнөлүк экономикага терс таасирин жоюу жолдорун талкуулап, каатчылык мезгилинде жана пандемиядан кийинки учурда соода экономикалык мамилелерди улантуу ошондой эле ташууларды тоскоолдуксуз жеткирүүнү камсыз кылуу маселелери талкууланмакчы.

Аталган видео жыйынга Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев катыша турганын ырастады. Ошондой эле, Түрк кеңешинин азыркы төрагасы, Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин демилгеси менен чакырылган бул саммитке Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Түркия Республикасынын Президенти Реджеп Тайип Эрдоган, Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов,  Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан жана Түрк кеңешинин башкы катчысы Багдад Амиреев катышат. Видео конференцияда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы мүдүрү Тедрос Адханом Гебрейесус да болот. Саммиттин аякташы менен мамлекет башчылары биргелешкен декларацияны кабыл алышат.

 

Фото: azernews.az