ЕАЭБ өлкөлөрү коронавируска каршы күрөштө биригет

ЕАЭБ өлкөлөрү коронавируска каршы күрөштө биригет

Пандемия кезинде ЕАЭБ аймагына бажы салыгысыз киргизиле турган товарлардын тизмеси кеңейтилет. Бул тууралуу ЕЭКнын басма сөз кызматы кабарлады. Биримдик курамындагы өлкөлөрдүн өкмөтү COVID-19 инфекциясы таралашынын алдын алууга багытталган биргелешкен чараларды улантып, өз ара маалымат алмашат. Коронавирус менен күрөшүүгө багытталган чечим кезектен тыш талкууланып, он күн ичинде күчүнө кирет.

«Өз ара көмөк көрсөтүү маселеси, гуманитардык, биримдикке мүчө өлкөдө товар тартыштыгы болгон шартта коммерциялык товар жеткирүү жагы бышыкталды. Керектүүлүгү жогору товарларды жеткирүү маселесине жооптуу адамдар бекитилди. Ошондой эле, пандемия убакытында экономиканын өнүгүүсүнө шарт түзүү иши жүзөгө ашырылат», - дейт уюм өкүлдөрү.

Аны менен катар, бирдиктүү экономикалык мейкиндиктеги өлкөлөр арасында саламаттыкты сактоо жана санитардык-эпидемиологиялык тармакта байланышты бекемдөө көздөлүп жатат.

 

Фото: inbusiness.kz