Касым-Жомарт Токаевти Сооронбай Жээнбеков куттуктады

Касым-Жомарт Токаевти Сооронбай Жээнбеков куттуктады

Касым-Жомарт Токаевти Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматына киришкенине бир жыл толгондугу менен куттуктады. Мамлекет башчылары телефон аркылуу сүйлөшкөнүн Акорда сайты кабарлады. Эки тарап коронавирустун таралышына каршы күрөшүүдө өз ара иш-аракет маселесин талкуулашты.

"Президенттердин пикиринде, эпидемия менен күрөш учурунда эки өлкөнүн аткаруучу органдарынын биргеликте аракет кылуусу маанилүү.

Аны менен катар, тараптар Казакстан менен Кыргызстан ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын өнүгүү келечектери тууралуу пикир алмашты.

Сооронбай Жээнбеков Касым-Жомарт Токаевти президент кызматына киришкенинин бир жыл толгондугу менен куттуктап, Эл Башы Нурсултан Назарбаевке изги тилегин жолдоду - деп айтылат телеграммада.

 

Фото: kazislam.kz