Нур-Султан борборлордун эл аралык Ассамблеясын башкарат

Казакстандын борбору КМШнын ири шаарлары менен борборлору эл аралык Ассамблеясына жетекчилик кылат. Мындай чечим Москва улуттар үйүнүн алкагында өткөн 27-сессия жүрүшүндө кабыл алынды. Алдыдагы төрт жыл ичинде өлкөнүн баш калаасы уюмга төрагалык кылат. Айта кетсек, уюмга шериктештикке мүчө тогуз өлкөнүн 80ден ашык шаары кирди. Шаарлардын туруктуу өнүгүүсүнө багытталган долбоорлорду ишке ашыруу аталган уюмдун башкы милдети болуп саналат.

ЕРМЕК КИЗАТОВ, НУР-СУЛТАН АКИМИНИН ОРУН БАСАРЫ:

- Биздин башкы милдетибиз - кызматыбызды инновациялык жана санариптик технологияларды өнүктүрүүгө багыттоо, экономикага көңүл буруу. Башка шаарларга үйрөтө жана бөлүшө турган тажрыйбабыз мол.

Казакстан тараптын сунушу менен уюмдун кезектеги сессиясы Нур-Султанда 2020-жылдын теке айында өтөт.

Фото: www.inform.kz


×