АКШ Талибандар менен макулдашууга кол койду

Эс алуу күндөрү АКШ менен Талибан жетишилген келишимди серепчилер өтө маанилүү тарыхый документ деп атоодо. Бул өзгөчө окуя Ооганстандагы тынчтык орнотуунун башталышына жол ачат. Айта кетсек, эки тарап он тогуз жыл бою жүргүзгөн тирешүүгө чекит койду. Келишимге ылайык, АКШ менен НАТО 14 айдын ичинде өлкөдөн аскерлерин толугу менен чыгарып кетүүгө тийиш. Ошондой эле, документ алкагында кийинки аптада, башкача айтканда, жалган курандын 10да талиптер менен ооган аймагындагы башка да күчтөр ортосунда сүйлөшүүлөр өтөт. Тараптар өз ара ок атууну толугу менен токтотуу боюнча талкуулоо жүргүзөт.

ДИМОСТЕНИС ДИМОПУЛОС, ЭЛ АРАЛЫК МАМИЛЕЛЕР БОЮНЧА СЕРЕПЧИ:

- Аймактагы коопсуздук маселелери, айрыкча Ооганстандагы террористтик агымдар менен аларга тиешелүү топтор жана уюшкан кылмыштуу топтордун кесепеттери абдан актуалдуу болуп турат. Бул жаатта пайда болгон маселе чет элге кетип жаткан капитал менен окумуштуулардын агымы. Мындай татаал маселелердин түйүнүн чечүү үчүн жергиликтүү элге ишенимди андан ары туруктуу иштеген өлкө өкмөтүн түзүүгө мүмкүндүк берүү керек. Анын иши бул маселелерди чечүүгө ылайыктуу механизмдер менен камсыздалышы зарыл. Ошондой эле, Ооганстанда 8 демократиялык шайлоо болгон. Өлкөдө бул саясий кампаниялардын туруктуу уюштурулушу, биздин калктын демократиялык маданий коомду курууга болгон кызыгуусу жогору экендигинин ачык далили болуп саналат деп эсептейм. Бул абдан маанлүү кадам.

Аймак мамлекеттери Ооганстандагы терс абалды жакшыртууга аракет кылып, андагы маселелердин уникалдуу чечимин табууга катуу камылга көрүүдө. Бул жаатта гуманитардык жардам аздык кылат. Инфраструктуралык долбоорлор жүзөгө ашырылууга тийиш. Эл аралык серепчилер бул концепциянын абдан маанилүүлүгүн айтышат. Бул жаатта тынчтыкты орнотуу үчүн курсагы ач адамга балыкты кармап берүүнүн ордуна, кайырмак берген натыйжалуу деген сөз туура келчүдөй.

- Ооганстан экономикалык көз карашта транзиттик жана соода түйүнү катары Борбордук Азиянын ажырагыс бөлүгүнө айланды. Эгерде бул өлкөдө абал жакшырбай турган болсо, анда коңшу мамлекеттерде туруктуу өнүгүү көрсөткүчтөрү орун албай, аймакта коопсуздук орнобойт.

Ооганстандагы коркунуч очогунан мурун, дарамети боюнча ачыла элек стратегиялык кызматташ катары кабыл алуу керек. Мындай көз караштын натыйжалуулугу артып, өз жемишин бере турганын адистер белгилешет. Муну негизге алган Казакстан ооган студенттерин окутуунун атайын программасын түзүп, андагы абдан маанилүү социалдык долбоорлорду ишке ашырууга белсенүүдө. Өзбекстан электр энергиясын, ал эми Түркмөнстан газ жеткирүүнү колго алды. Ошондой эле, өлкөлөр ортосунда түз авиа жана темил жол байланышы орнотулган.

Фото: topwar.ru


×