Эл аралык жеке укук боюнча Гаага конференциясынын “Антенна” аймактык өкүлчүлүгү ачылды

“Астана" Эл аралык каржы борборунда эл аралык жеке укук боюнча Гаага Конференциясынын аймактык өкүлчүлүгү ачылды. Бул эл аралык жеке укук ченемдерин акырындык менен бирдей түргө келтирүүгө көмөктөшүү максатында түзүлгөн уюм болуп саналат. Ага дүйнө боюнча 82 өлкө кирет. Ал эми Казакстан 2017-жылы мүчө болгон. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө өлкө жарандык-укуктук маселелерге  жана сот адилеттүүлүгүнө жетүүгө байланыштуу Гаага конференциясынын 41-конвенциясынын тогузун ратификациялаган. Борбордогу өкүлчүлүк Казакстандын укуктук тутумун мындан ары өнүктүрүүгө, эл аралык жеке укук жаатында биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

КРИСТОФ БЕРНАСКОНИ, ЭЛ АРАЛЫК ЖЕКЕ УКУК БОЮНЧА ГААГА КОНФЕРЕНЦИЯСЫНЫН БАШКЫ КАТЧЫСЫ:

- Өкүлчүлүк Борбордук Азия боюнча уюмдун миссиясын ишке ашырууга арналган. Биз Казакстан өкмөтүнө жана Казакстандын тажрыйбасына ишеним артып жатканыбызга абдан кубанычтабыз. Келечекте биз Борбор Азиядагы ишмердүүлүгүбүздү кеңейтүүгө үмүт артабыз. Азыркы учурда биздин уюмга мүчө боло турган өлкөлөрдүн бири - Өзбекстан. Жакынкы арада Өзбекстан биздин уюмдун мүчөсү болот деп ишенем. Борбор Азия боюнча калган үч мамлекет Тажикстанда, Түркмөнстанда жана Кыргызстанда жеке иш сапарым менен болуп кайттым. Мындан ары  биз бул багытта сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз жана Монголия менен байланышты жакшыртууга кызыктарбыз.

Фото: wernersobek.de


×