Коомдук кеңеш курамын бекитүү укугу маслихатка берилет

Коомдук кеңештерде ыйгарым укуктуу орган түзүлөт. Ал эми анын курамын бекитүү укугу маслихатка берилет. Бул тууралуу "Нур Отан" партиясынын алдындагы укуктук кеңештин кеңейтилген отурумунда белгилүү болду. Жыйында "Коомдук кеңештер тууралуу" мыйзам долбоорундагы өзгөртүүлөр талкууланды. Эми мыйзамдын долбооруна ылайык, маслихат акимчилик сунуштаган катышуучулардын курамын кабыл алууга же кайра артка кайтарууга укуктуу. Мындан тышкары, коомдук кеңештер ачык аянтчаларда кандай маселелер талкуулана турганын өз алдынча чечет. Бул үчүн алар көз карандысыз серепчилерди тартууга кызыктар. Бул өз кезегинде коомдук көзөмөлдү күчөтөт.

СЕРИК СЕЙДУМАНОВ, РКНЫН ПАРЛАМЕНТ МАЖИЛИСИНИН ДЕПУТАТЫ:

- Өлкөдө 234 кеңеш бар жана анын курамындагы 4 миң адамдын тажрыйбасы чоң. Алардын сунушун эске алуу менен биз коомдук кеңештин ишмердүүлүгүн жакшыртабыз. Албетте, коомдук кеңештердин иши өз алдынча болот, бирок алардын кызматына  маалымат жана социалдык өнүгүү министрлиги көмөктөшөт.

Фото: sputniknews.kz