Касым-Жомарт Токаевдин Мюнхенге болгон сапары тууралуу серепчилердин пикири

Касым-Жомарт Токаевдин Мюнхенге болгон сапары тууралуу серепчилердин пикири

Серепчилер Касым-Жомарт Токаевдин Мюнхендеги коопсуздук конференциясында сүйлөгөн сөзүн өзөктүү деп атады. Саммиттин жарым кылымдык тарыхында биринчи жолу Борбор Азияга арналган панелдик талкуу уюштурулду. Анда негизги спикер катары Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев сөз сүйлөдү. Казакстан республикасы ар дайым тынчтык менен туруктуулукка багытталган усулдарды карманып, тышкы саясатта тең салмактуулукту сактап кала алды. Өлкө үчүн Ооганстан да мыкты жана ишенимдүү өнөктөшкө айланды. Панелдик талкуунун экинчи спикери аталган мамлекет башычысы Мохаммад Ашраф Гани болду. Казакстан үчүн басымдуу багыттар катары чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу жана аймак экономикасын өстүрүү саналат.

ЕРЛАН КАРИН, КАЗАКСТАН РЕСПУЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН КЕҢЕШЧИСИ:

-Менин оюнча, Мюнхен коопсуздук конференциясында биринчи жолу Борбор Азия аймагына багытталган өнүгүү багыттары, өзөктүү пикирлер айтылып, баа берилди. Аталган талкуу аймакка болгон кызыгууну жогорулатып, инвестицияларды тартууга өбөлгө түзөт.

РИЧАРД ХААС, ЭЛ АРАЛЫК МАМИЛЕЛЕР БОЮНЧА КЕҢЕШТИН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Президент Токаев абдан прагматикалык жана олуттуу тышкы өңүттү айтып өттү. Мен америкалык бей өкмөт уюмун жетектейм, ошондуктан өлкө башчыларына баа берүүм туура эмес деп эсептейм. Бирок, Токаев мырза Борбор Азия аймагын геосаясий аренада өнүктүрүүгө багытталган өзөктүү ойлорун айтып өткөнүн белгилеп кетким келет.

Фото: inform.kz