Түрк Кеңешинин ТИМ башчыларынын кезексиз жыйыны

Түрк Кеңешинин ТИМ башчыларынын кезексиз жыйыны

Түрк Кеңешинин Эл аралык деңгээлде ролун күчөтүү. Аталган маселени Казакстан, Түркия, Азербайжан, Кыргызстан жана Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Бакуда талкуулашты. Уюмдун Вышеград тобу жана АСЕАН сыяктуу эл аралык институттары менен кызматташтыгы көңүл чордонунда болду.

МЕВЛЮТ ЧАВУШОГЛУ, ТҮРКИЯНЫН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИ:

- Биз Түрк кеңешинин күчтүү болушун каалайбыз. Жакшыртылган түзүм менен ал дүйнө жүзү боюнча кадыр-барктуу болот. Биз бул багытта сунуштарды карап чыктык. Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын алкагында биз бул маселелерди алдыга жылдыруу үчүн дагы да жолугушабыз деп убадалаштык. Биздин бардык чечимдерди Мамлекет башчыларынын Түркияда өтө турган 8-саммитинде сунуштоону мерчемдеп жатабыз.

Уюмдун Башкы катчысынын айтымында, Түрк кеңеши инвестициялык фондду түзүүнүн үстүндө иштеп жатат. Стамбулда кийинки саммитте анын бетачары күтүлүүдө. Тараптар өткөн жылдагы саммиттин жүрүшүндө айтылган Эл Башынын "Түрк келечеги - 2040" программасын иштеп чыгуу менен уюмдун аталышын өзгөртүү тууралуу сунуштарын да талкуулашты. Ошондой эле Түрк кеңешинин Ардактуу төрагасы жөнүндө Жобо бекитилди.

МУХТАР ТЛЕУБЕРДИ, КРНЫН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИ:

- Биз өткөн жылдын тогуздун айында Бакуда мамлекет башчыларынын саммитинде жетишилген макулдашуулардын негизинде ишке ашырууну талкууладык. Маанилүү багыттардын бири - кызматташтык кеңешинин урматтуу Президентинин укуктары тууралуу чечими болду. Силер билгендей, өткөн жылы Азербайжан Президентинин сунушу боюнча Казакстандын биринчи Президенти – Эл Башы Нурсултан Назарбаев Кеңештин ардактуу президенти болуп шайланышы туурасында чечим кабыл алынган.

Фото: m.uz.sputniknews.ru


×