Европарламентте «Жусан» жана «Русафа» операциялары тааныштырылды

Жакынкы Чыгыштагы аскерий иш-аракеттер аймагынан Казакстандын 595 жараны өлкөгө кайтарылды. Бул тууралуу Европарламентте өткөн конференцияда айтылды. Иш-чара катышуучулары “Жусан” жана “Русафа” гуманитардык акцияларындагы Казакстандын тажрыйбасын жогору деп баалады.

СТАНИСЛАВ ВАСИЛЕНКО, РКНЫН ӨЗГӨЧӨ ТАПШЫРМАЛАР БОЮНЧА ЭЛЧИСИ:

- Биз үчүн бул чакан кадам – жүздүн беш пайызындай эле иш. Эми аларды өлкөгө кайтаргандан сырткары, бери дегенде кайрадан окутуп, жаңы жашоого көндүрүү керек.

Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн басымдуу бөлүгү бул маселеге башкача карайт. Европалыктар балдардан башка жарандарды өлкөгө кайтарууга кызыктар эмес.

ТЬЕРРИ МАРИАНИ, ЕВРОПАРЛАМЕНТ ДЕПУТАТЫ:

- Францияда да Сирияга кеткен аялдар боюнча маселе бар. Алардын көбүнчөсү балдар менен жалгыз калган жесир аялдар. Франция балдарды кайтаруу керек, ал эми эркектерди кайтаруу маселесин кийин жеке өзүнчө кароо кажет деген көз карашты карманат. Бирок Францияда ислам көбүнчө радикалдуу, ал эми Казакстанда андай эмес. Менимче, ар түрдүү диндердин өкүлдөрүнүн тынчтыкта жашоосу боюнча Нурсултан Назарбаевдин саясаты ушул реинтеграциялоого өбөлгө түзөт.

Иш-чаранын катышуучулары аялдардын жана балдардын адаптациясы, ошондой эле, согушкерлердин дерадикализациялоо жүрүшү менен таанышты. Кылмыштарга аралашуу менен күнөөлөрдү далилдөө боюнча күбөлөрдү чогултуу кандай жүргүзүлүп жатканы да кызыктырды. Конференциянын жыйынтыгында катышуучулар Казакстан бул маселе актуалдуу болгон башка өлкөлөр менен өз тажрыйбаларын бөлүшүшү керек деген бир чечимге келишти.

Фото: elorda.info