АКШ мамлекеттик катчысы Казакстанга расмий иш сапары менен келди

Казакстан менен Америка Кошмо Штаттары эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыктар. Бул тууралуу өлкөгө расмий иш сапары менен келген АКШнын Мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен президент Касым-Жомарт Токаевдин жолугушуусунда айтылды. Тараптар соода, инвестиция, ай-ти технологиялар, демократиялык баалуулуктарды илгерилетүү жана эл аралык терроризмге каршы күрөшүү тармактарындагы эки тараптуу байланыштарды тереңдетүүнүн маанилүүлүгүнө токтолушту. Мамлекет башчысы Казакстанда Ооганстан боюнча атайын өкүлчүлүк кызматын ачуу жөнүндөгү ниетин билдирди. Майк Помпео өз кезегинде өлкөнүн «Жусан» операциясы алкагында Жакынкы Чыгыштагы согуш аймагынан өз жарандарын кайтаруу чараларын жогору баалады. Ал өлкөнүн Ооганстанда тынчтык орнотууга, экономика менен адамдык капиталды жакшыртууга кошкон салымына токтолду.

ҚАСЫМ-ЖОМАРТ ТОКАЕВ, КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык карым-катнаш орногондон бери биз көптөгөн жетишкендиктерге жеттик. АКШ Казакстандын көз карандысыздыгын алгачкылардан болуп тааныган өлкөлөрдүн бири. Бул тарыхый маалымат эч качан унутулбайт. Өз ара кызматташтыгыбыз эки тарапка тең пайдалуу. Айрыкча, ядролук куралды жайылтпоо, терроризмге каршы күрөш, экономикалык кызматташтык багытында биргелешип аткарган иштерибиз натыйжалуу. Деген менен чечиле элек дагы маселелер бар. Ошондуктан кызматташтыгыбызды улантабыз. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Президент Трамп мырзага өзүмдүн жылуу саламымды жолдогум келет. Мен аны менен Бириккен Улуттар Уюмунун башкы Ассамблеясынын сессиясы алкагында жолугушкан элем. Алдыда боло турчу жолугушууну чыдамсыздык менен күтүп жатам. 

МАЙК ПОМПЕО, АКШЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК КАТЧЫСЫ:

- Эки өлкөнүн ортосунда орнотулуп жаткан кызматташтыктын жаңы багыттарын толук колдойбуз. Биз сиздер менен Ооганстандагы коопсуздукту сактоо максатында бекем кызматташтыкты орното алдык. Биздин экономикалык байланыштарыбыз абдан жакшы. Эки өлкө ортосунда түз аба каттамын ачуу мүмкүнчүлүгү караштырылууда. Энергетикалык багыттагы кызматташтыктан сырткары башка да тармактардагы байланыштарды өркүндөтүүгө дараметибиз жетет. Президент Дональд Трамп дагы сизге саламын жолдоду.

Фото: akorda.kz