Касым-Жомарт Токаев БАЭге расмий сапары менен барды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Бириккен Араб Эмираттарына расмий сапары менен барды. Бүгүн Мамлекет башчысынын Абу-Дабинин мураскер канзаадасы шейх Мухаммед бен Заид Нахаян менен жолугушуусу өтөт деп мерчемделген. Анда эки жактуу кызматташтык маселеси кеңири талкууланат. Сапардын алкагында Бириккен Араб Эмираттарынын ишкердик топторунун өкүлдөрү менен тегерек стол өткөрүү да каралган.

Касым-Жомарт Токаев эртең Дубайда Бириккен Араб Эмираттарынын Вице-президенти, Премьер-министри, Дубайдын башкаруучусу шейх Мухаммед бен Рашид Аль Макту менен жолугушат. Ошондой эле, Дубай Эл аралык каржы борборуна барат. Аны менен катар, Бириккен Араб Эмираттары компанияларынын башчылары менен жолугушуу өткөрөт.

Фото: primeminister.kz