Казакстан менен Бразилия бири-бирине кылмыш жасаган адамдарды кармап берүүгө жардам берет

Казакстан менен Бразилия бири-бирине кылмыш жасаган адамдарды кармап берүүгө жардам берет

Казакстан менен Бразилия бири-бирине кылмыш жасаган адамдарды кармап берүүгө жардам берет. Тиешелүү мыйзам долбоорун Мажилис депутаттары жактырышты. Башкы прокурордун орун басары Марат Ахметжанов: «Эгер адам биздин өлкөдө кылмыш кылып, Бразилияда жашырынып жүрсө, ал камакка алынат жана Казакстанга өткөрүп берилет. Дал ушундай шарттарда,  кылмышкер өлкөбүздө жашырынып жүрсө, биз Бразилия тарабына кылмышкерди экстрадициялоого милдеттүү болобуз»-дейт. Азыр эки өлкөдө укук коргоо органдарынан жашырынып жүргөндөр жок. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө эки өлкөнүн ортосунда кылмыш менен күрөш багытында үч негизги шарт бар.

МАРАТ АХМЕТЖАНОВ, КР БАШКЫ ПРОКУРОРУНУН ОРУН БАСАРЫ:

- Казакстандын мыйзамына ылайык ушундай укуктук жардам дүйнөнүн 30 өлкөсүнө көрсөтүлөт. Алардын катарында АКШ, Улуу Британия жана башка өлкөлөр бар.  Бул Казакстандын мыйзамдары эл аралык укуктарга ылайык келет дегенден кабар берет.

Фото: inform.kz