Казакстан менен Евробиримдик ортосундагы кызматташтык артты

Казакстан менен Евробиримдик ортосундагы кызматташтык артты

Евробиримдик-Казакстандын башкы соода жана инвестициялык өнөктөшү, анын үлүшүнө тышкы соода алмашуу менен өлкөгө салынган инвестициялардын жарымы туура келет. Жакында Брюсселде өткөн “Казакстан-Евробиримдик” кызматташтык кеңешинин 17-отурумунда Евробиримдик Казакстан менен кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык тууралуу келишимди ратификациялады. Тараптар эл аралык жана аймактык коопсуздук, соода-инвестиция, инфраструктура жана инновация, маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүнү камсыз кылган келишимдин бардык тараптарын ишке ашырууга даяр экендиктерин билдирди.

МУХТАР ТИЛЕУБЕРДИ, КРНЫН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИ

- Келишим тез арада күчүнө кирет деп ойлойбуз. Тактап айтканда, жалган куран айынын биринде деген үмүтүбүз бар. Аны ишке ашыруу ийгиликтүү, ары өз ара натыйжалуу кызматташтыгыбызды өнүктүрүүгө көп мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Мухтар Тилеуберди менен Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелдин ортосунда өткөн жолугушууда ар-тараптуу кызматташтыкты бекемдөө талкууга алынды. Ошондой эле, дүйнөдөгү кырдаал, Борбордук Азия боюнча Евробиримдиктин жаңы стратегиясын ишке ашыруу жана Касым-Жомарт Токаевтин Брюссельге расмий сапарына даярдык маселелери козголду.

ГОРДАН ГРЛИЧ РАДМАН, ХОРВАТИЯНЫН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИ

- Биз абдан маанилүү жолугушуу өткөрүп, көптөгөн актуалдуу темалар боюнча пикир алмаштык. Бирдин айынын ортосунда Президент Токаевдин Евробиримдикке алгачкы расмий сапары менен келүүсүн күтөбүз. Биздин эки тараптуу кызматташтыгыбыз кеңейтилген өнөктөштүк менен кызматташтык тууралуу келишим боюнча туруктуу өнүгүүдө. Аны толук ратификациялоо өз ара иш-аракетти бекемдөөнүн приоритети болду.

Евробиримдик Казакстандын тынчтыгы, аймактык туруктуулук менен коопсуздукту камсыз кылуудагы аракетине жогору баа берди.

Фото: inform.kz