Казакстандын тынчтык орнотуу демилгелери дүйнө жүзүндө жогорку баага татыды

Казакстандын тынчтык орнотуу демилгелери дүйнө жүзүндө жогорку баага татыды

Казакстандын тынчтык орнотуу демилгелери менен тажрыйбалары тыкыр изилденүүгө жана эл аралык деңгээлдеги татаал маселелерди чечүүдө колдонууга ылайыктуу. Бул тууралуу чет өлкөлүк серепчилер билдиришүүдө. Алар өлкөнүн аталган тармактагы тажрыйбасына жогорку кызыгуу менен карайт. Былтыр өткөргөн «Жусан» атайын операциясы дүйнөдө теңдешсиз деп бааланган. Анын натыйжасында Сирияда жүргөн 600дөй казакстандык мекенине аман-эсен кайтты.

НИКОЛАС ФЛЕРИ, ЭЛ АРАЛЫК КЫЗЫЛ КРЕСТ УЮМУНУН ЕВРОПА ЖАНА БОРБОР АЗИЯ БОЮНЧА КООРДИНАТОР:

- Казакстан өтө кыйын кырдаалга туш болгон жарандарын Жакынкы Чыгыштан кайтарды. Аларга келечекке мүмкүнчүлүк берип жатат. Бул багытта көптөгөн мамлекеттерге үлгү көрсөтө алды. Бул тажрыйба менен бөлүшүү керек.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги да Казакстандын өз жарандарын «Жусан» атайын операциясынын алкагында Сирия менен Ирактын кооптуу аймактарынан кайтаруу тажрыйбасына жогору баа берди.

СЕРГЕЙ ЛАВРОВ, ОФ ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИ КЫЗМАТЫНЫН АТКАРУУЧУСУ:

- Бул өз жарандарынын алдындагы милдетин аткаруу багытында ар бир мамлекет өз алдынча кабыл алуусу керек болгон аракет. Биз да ушундай маселелер менен алектенип келебиз. Аскерибиз менен атайын кызматтарыбыз жана балдар укуктары боюнча өкүлдөр Ирак менен Сириядан балдарыбызды  кайтаруу менен алектенишет. Бул жаатта казакстандык өнөктөштөрүбүз менен тажрыйба бөлүштүк.

Фото: inform.kz