Иранда өкмөткө каршы акциялар кайрадан жанданды

Иранда өкмөткө каршы акциялар кайрадан жанданды. Тегерандын көчөлөрүнө жүздөгөн адамдар чыгышты. Алар өлкөнүн руханий лидери Али Хаменеинин кызматтан кетүүсүн жана учак кырсыгына тиешеси бар бардык күнөөлүүлөрдүн жазаланышын талап кылышууда.

Активисттердин айтымында, өкмөт башынан эле кырсык тууралуу билген жана чындыкты жашырышкан. Ошондой эле саясатчылар учакта Ирандын жарандары болгонун жашырууга аракет кылышкан.

Эскерте кетсек, үчтүн айынын сегизинде Тегерандагы Имам Хомейни атындагы аба майданына жакын аймакта  “Украинанын эл аралык аба жолдору” компаниясына таандык Boeing-737 учагы кулаган. Учактагы бардык 176 адам каза болгон. Ишембиде Ислам республикасынын президенти учак Иран аскерлери тарабынан кокусунан атып түшүрүлгөнүн мойнуна алган.

Фото: theins.ru