Дональд Трамп: Иран лайнерди жаңылышып атып түшүргөн

Тегеранда кырсыкка учураган Украинанын аба жолдору компаниясына тиешелүү Боинг учагын Ирандын куралдуу күчтөрү жаңылышып атып түшүргөн.  Канада Премьер-министри Джастин Трюдо учакты ирандык аба ракетасы менен атып түшүргөнүн далилдей турган чалгындоо маалыматтары бар деген билдирүү жасады. АКШ да ушул жоромолду карманууда. Бул кырдаалга байланыштуу Трамп да өз пикирин билдирди.

ДОНАЛЬД ТРАМП, АКШ ПРЕЗИДЕНТИ:

- Менин өз божомолум бар. Бул орду толгус кайгылуу окуя.  Адистердин бирөө адашып кетиши мүмкүн. Бир жагынан учак кооптуу аймакта учуп бара жаткан. Кээ бири бул техникалык ката болушу мүмкүн деп жатышат. Бирок мен бул жоромол каралышы керек эмес деп эсептейм.

Трамп эң туурасы Иран кара жашиктерин окуу үчүн Боинг корпорациясына тапшырып же Францияга өткөрүп бериши керек деген пикирди айтат.

Маалыматка таянсак, алар жапа чеккен. Жазууларды изилдөөгө украиналык адистер Тегеранга барышты.

Фото: iz.ru