Иран менен Украинада аза күтүү күнү жарыяланды

Иран менен Украинада аза күтүү күнү жарыяланды

Иран менен Украина бейшемби күндү аза күтүү күнү деп жарыялады. Эске сала кетсек, кече Украиналык Boing 737 учагы Тегерандагы Имам Хомейни атындагы эл аралык аэропорту жанында кырсыкка учураган.

Борттогу 176 адам, анын ичинде экипаждын 9 мүчөсү каза тапкан. Болжол менен учактын кыймылдаткычы иштен чыгып, кырсыкка учураган.

Ал асманга көтөрүлгөндөн кийин, эки мүнөт өткөн соң радардан жоголуп кеткен.

Фото: golos.ua