Европа Биримдиги ядролук келишимди сактап калууну колдойт

Европа Биримдиги ядролук келишимди сактап калууну колдойт

Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу келишимдин күчүн сактап калуу үчүн Европа Биримдиги колдон келгендин баарын жасайт. Бул тууралуу Брюсселде өткөн басма сөз жыйынында Еврокомиссиянын өкүлү Дана Спинан маалымдады.

Айта кетсек, эртең Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери чукул жыйын өткөрүп, Ирандын тегерегинде болуп жаткан кырдаалды талкуулайт. Жакында эле Европа биримдиги дипломатиясынын башчысы Жозеп Боррель Ирандын өзөктүк программасы боюнча ар тараптуу камтылган биргелешкен иш-аракеттер мерчеми абдан маанилүү экенин айткан. Буга байланыштуу ал Ирандын тышкы иштер министри Джад Зарифти Брюссельге чакырган.

ДАНА СПИНАН, ЕВРОПА КОММИССИЯСЫНЫН ӨКҮЛҮ

- Европа биримдик дипломатиясынын башчысы Жозеп Боррель белгилегендей, биз ар тараптуу камтылган, биргелешкен иш-аракеттер мерчеми шарттарынын аткарылуусу үчүн колдон келгендин баарын жасоого даярбыз. Жакынкы күндөрү бардык күч  чыр-чатакты жөнгө салууга жумшалат.

Фото: focus.ua


×