Дональд Трамп элге кайрылуу жолдоду

Дональд Трамп элге кайрылуу жолдоду

«АКШ бардык өлкөлөр менен тынчтык келишимге даяр».

Президент Дональд Трамп Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу жасаган теле кайрылуусунда бул тууралуу маалымдады. Трамп «Мен президент болуп турганда Ирандын өзөктүк куралга ээ болуусуна жол берилбейт»-деп билдирди.

Ал ошондой эле Вашингтон Тегеранга санкцияларды күчөтө турганын жарыялады. Өз кезегинде БУУнун алдындагы Ирандын туруктуу өкүлү Маджид Тахт-Раванчи генерал Сулейманинин өлүмү үчүн өч алынганын жана Иран тарабынан эч кандай жаңы аскерий чабуулдар болбой турганын билдирди.