Эксперт: Иран менен АКШ ортосунда согуш болуусу мүмкүн эмес

2 мамлекеттин чыр-чатагы дүйнөлүк коомчулукту дүрбөлөңгө салды. Мамлекет башчылары чукул жыйналаш өткөрүп,  учурдагы кырдаалга байланыштуу өз сунуштарын билдирүүдө. Өз кезегинде серепчилер чоң чыр-чатакты алдын алууга болот деп үмүттөнүүдө.

ФАРХАД ИБРАГИМОВ, ЭЛ АРАЛЫК "ВАЛДАЙ" КЛУБУНУН СЕРЕПЧИСИ:

- Эгерде бүгүнкү күндө Вашингтон Иран соккуларынын кесепетинен бери дегенде бир америкалык аскердин же бир америкалыктын каза тапканын ырастаган болсо, casus belli пайда болмок. Тактап айтканда, аягы эмне менен аяктаары белгисиз болгон Иран-Америка согушу башталып кетүүсү мүмкүн эле. Албетте Америкалыктардын мындай кадам жасагысы келбей турганы, ирандыктар да аны кабыл алгысы келбегени белгилүү.

Европа Биримдиги да тараптарды диалогго чакырды. Европа комиссиясынын өкүлдөрү Ирандын тегерегинде болуп жаткан кырдаалга байланыштуу чукул жыйын өткөрдү. Анын төрагасы Урсула фон дер Лейен АКШ менен Иранды курал колдонууну токтотууга чакырды.

УРСУЛА ФОН ДЕР ЛЯЙЕН, ЕВРО КОМИССИЯНЫН ТӨРАГАСЫ:

- Тараптар курал колдонууга жол бербөөсү керек. Мына ошондо диалог жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк пайда болот. Биз сүйлөшүүлөрдүн кайра жандануусу үчүн колдон келгендин баарын жасообуз зарыл. Бул кырдаал Европа Биримдиги үчүн, мисалы транспорт, энергетика, миграция, ошондой эле экономикалык өнүгүүгө таасир этиши мүмкүн.

Буга катар, мамлекеттер ортосундагы пикир келишпестик дүйнөлүк мунай баасынын өсүшүнө таасир этти. Учурда WTI маркалуу кара алтындын наркы баррелине 65 доллардан ашты. Ал эми Брент маркалуу мунай 70 долларга жетүүдө.

Фото: ztb.kz