К.Ж. Токаев Жакынкы Чыгыштагы мекемелердин коопсуздугун камсыз кылууну тапшырды

Акордодо Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын кескин курчушу боюнча маселе талкууланды. Мамлекет башчысы Президент Акимчилиги, күч түзүмдөрү жана министрлер кабинети өкүлдөрүнүн катышуусу менен кеңеш өткөрдү. Тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди жана башка да мамлекеттик органдардын жетекчилери Жакынкы Чыгыштагы азыркы абал тууралуу маалымат беришти.

Казакстан Президенти Перс булуңу аймагындагы кырдаалдын кескин курчушуна тынчсыздануусун билдирип, аталган иш-аракеттерге катышуучу тараптардын мүмкүн болушунча кармануу керектигин айтып, чыр-чатактарды дипломатиялык жолдор менен, баарынан мурда бул ишке БУУнун кийлигишүүсү менен ошондой эле, эки тараптуу байланыштар жана сүйлөшүүлөр аркылуу жөнгө салуу мүмкүн экенин атап өттү.

Кеңеш жыйынтыгы боюнча Мамлекет башчысы Казакстандын Жакынкы Чыгыштагы элчиликтери менен андагы кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылууну, өлкөдөгү чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүктөр менен компаниялар кеңселеринин коопсуздугун сактоо үчүн чараларды кабыл алууну тапшырды.

Акордо сайтында белгиленгендей, Казакстандын коргонуу дараметин күчөтүү маселесине өзгөчө көңүл бурулат.

Фото: akorda.kz