Казакстандын дүйнөлүк аренадагы орду: 2019-жылдын жыйынтыгы

Казакстан дүйнөлүк саясаттын абройлуу жана толук кандуу катышуучусу экенин 2019-жылы дагы бир жолу тастыктады. Буга республикада Туңгуч Президент Нурсултан Назарбаев белгилеген багыт, өлкөдө кезексиз президенттик шайлоонун өтүшү, ошондой эле, Казакстанда ишке ашырылган жаңы демилгелер менен масштабдуу иш-чаралар далил.

ПАН ГИ МУН, БУУнун МУРДАГЫ БАШКЫ КАТЧЫСЫ / 2007-2016:

- Нурсултан Назарбаев мамлекетти башкарган кезде өз өлкөсү менен бирге бүткүл дүйнөдөгү тынчтык менен туруктуулукту өнүктүрүүнү алдыга жетеледи. Дүйнөдөгү эң улуу лидерлердин катарына киргени шексиз. Аймактагы тынчтык, коопсуздук тууралуу жана башка дүйнөлүк маселелер боюнча мага кеңеш керек болгондо ар дайым аны менен кеңешип турдум.

МАЙКЛ ГИФФОРД, УЛУУ БРИТАНИЯНЫН КАЗАКСТАНДАГЫ ЭЛЧИСИ:
- Жаңы президенттин башкаруусунда тышкы саясат менен экономикалык стратегияны курууда ич ара кызматташтык менен ырааттуулук сакталып, эки өлкөнүн соода-экономикалык мамилелери өнүгөт деп ойлойм. Бул абдан маанилүү.

Өткөн жылы республика ири эл аралык диалог аянты катары өзүнүн эффективдүүлүгүн дагы бир жолу далилдеди. Сирия маселесин жол-жоболоштуруу боюнча сүйлөшүүлөрдүн үч раунду өлкө борбору Нур-Султанда өттү.

Быйыл Казакстан буга чейин болбогон «Жусан» гуманитардык операциясын өткөрдү. Анын алкагында Сириядан 600дөн ашуун адам, ата мекенине кайтарылды. Жакынкы Чыгыштагы аскерий иш-аракеттер аймагынан жарандарды өлкөгө кайтаруу жана коомго кайра интеграциялоо боюнча Казакстандын тажрыйбасы дүйнө боюнча жогору бааланды.

ГУНИЛЛА ВОН ХАЛЛ, ЖУРНАЛИСТ /ШВЕЦИЯ/:

- Казакстандын бул тажрыйбасына башка өлкөлөр жогору кызыгуу көрсөтүп жатышат. Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин көбү чыр-чатак болуп жаткан аймактардагы өз жарандарын кайтарышпайт, ал эми Казакстан тескерисинче бул ишти жасап жатат. Бул абдан жакшы түзөтүү программасы, кайрымдуулук иш-чарасы. Мен ушул тууралуу жазып, бул идеяны батыш европалык мамлекеттерге көрсөтөм. Жарандарды үйлөрүнө кайтаруу – бул олуттуу иш-чара, себеби, кырдаал чыңалып кетиши мүмкүн.

Казакстан эл аралык уюмдардын жигердүү мүчөсү катары кала берет. Өлкө аймактык жана дүйнөлүк коопсуздукту камсыз кылууга багытталган демилгелерди алдыга жылдырууга жана колдонууга ар дайым даяр.

Фото: elitar.kz