Нур-Султанда Сирия келишиминин кезектеги отуруму уланат

2019-жылдын бештин айынын он бири – он экисинде Нур-Султан шаарында Сирия боюнча жогорку деңгээлдеги 14–эл аралык жолугушуу өтөт. Кезектеги Астана жараянынын алкагындагы сүйлөшүүлөргө бардык тараптар катышарын тастыкташты.

Алардын катарында кепил өлкөлөр Орусия, Түркия, Иран жана Сирия өкмөтү менен Сириянын куралдуу оппозициясы бар. Бардык делегаттардын башын кошо турган жалпы отурум бештин айынын он бирине мерчемделген. Күн тартибине чыгарыла турган башкы маселе - Сириядагы абалды жакшыртып, өлкө элине жардам берүү жана качкындарды кайтарууга шарттарды түзүү.

АЙБЕК СМАДИЯРОВ, КР ТИМ РАСМИЙ ӨКҮЛҮ:

- Жолугушууга көзөмөлдөөчү катары Бириккен Улуттар Уюмунун Сирия боюнча башкы катчысынын атайын кеңешчиси Гейр Педерсендин башчылыгы менен Бириккен Улуттар Уюмунун делегациясы катышат. Орусия делегациясын Сирия боюнча Орусия Федерация Президентинин атайын өкүлү Александр Лаврентьев башкарат. Иран делегациясы өлкөнүн тышкы иштер министринин саясий маселелер боюнча ага жардамчысы Хусейн Джабери Ансаринин башчылыгы менен катышат.

Фото: iz.ru