Евробиримдик Борбор Азияда 3 программаны ишке ашырат

Евробиримдик Борбор Азиянын өнүгүп-өсүшүнө жалпы бюджети 28 миллион евро болгон үч масштабдуу программаны ишке кошууда. Тиешелүү келишимдерге Нур-Султанда өткөн аймакта интеграцияны күчөтүү тууралуу Евробиримдиктин конференциясында кол коюлду.

Программалар сооданы өнүктүрүгө, мыйзамдык үстөмдүк эрежесин камсыз кылууга, Борбор Азия өлкөлөрүнө инвестицияларды тартууга жана экономикалык өсүшкө багытталган.

Серепчилердин айтымында, бул Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын ортосундагы аймактык кызматташтыкты бекемдөөгө жардам берет. Мындан сырткары, аймактын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн ачууга түрткү берет.

СВЕН-ОЛОВ КАРЛССОН, ЕВРОБИРИМДИКТИН КАЗАКСТАНДАГЫ ЭЛЧИСИ:

- Биз мындан ары аймактын экономикалык өсүшүнө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө салым кошууну каалайбыз. Ошондой эле, ЭКӨУ белгилеген индикаторлорго жеткибиз келет, анткени алар бизнес-климатты өнүктүрүү үчүн абдан маанилүү. Биз рыноктун өсүшү менен калктын өсүшүнө да кызыктарбыз жана да биз Борбор Азиядагы ири инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү көрүп жатабыз, себеби аймактын географиялык жайгашуусу абдан эффективдүү – Евразиялык континеттин борборунда. Бул биз үчүн чоң кызыгууну жаратат.

Эскерте кетсек, ушул жылы Евробиримдикке мүчө мамлекеттер Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча жаңы стратегиясын кабыл алды. Анын максаты – кызматташтыкты күчөтүү, аймактагы туруктуулук менен экономикалык өнүгүүнү колдоо.

Фото: inform.kz