Нур-Султанда эл аралык парламенттик конференция өттү

Келерки жылы өлкөдө президенттик башкаруу институтунун түзүлгөнүнө отуз жыл толот. Бул убакыт ичинде Казакстан Борбордук Азия аймагынын саясий, экономикалык жана социалдык көз-карашы өнүккөн лидер мамлекетке айланды. Бул Эгемен Казакстандын негиздөөчүсү Биринчи Президент - Эл Башы Нурсултан Назарбаевдин эмгегинин жемиши.

Борбордо чогулган кезектеги «Президенттик институт: Казакстандык модель» аттуу эл аралык парламенттик конференция катышуучуларынын жалпы пикири муну тастыктады. Салттуу отурумга өлкө депутаттары, Азербайжан, Болгария, Түркия, Татарстан, Кыргызстан, Моңголия, Сербия, Франция парламенттеринин өкүлдөрү катышты.

Ошондой эле, иш-чарага АКШ менен Швециядан чет элдик серепчилер чакырылган. Беделдүү эл аралык уюм өкүлдөрү келди. Чет элдик коноктор Казакстандын башкаларга үлгү болгон глобалдык демилгелери менен тышкы саясатын өзгөчө белгилешти.

ФАРИД МУХАМЕТШИН, ТАТАРСТАН РЕСПУБЛИКАСЫ МАМЛЕКЕТТИК КЕҢЕШИНИН ТӨРАГАСЫ:

- Нурсултан Назарбаевдин демилгелерин бизде өз өлкөбүздө пайдаланып жатабыз. Эл Башынын демилгеси менен колго алынган Казакстан Элдер Ассамблеясы долбоору Татарстанда да түзүлдү. Улут аралык келишимдин деңгээлине айланган социалдык институт бардык дүйнөгө үлгү болду. Биздин мамлекетибиздин да аймагын көп улуттар мекендейт. Түрдүү элдердин тили менен динин, салты менен маданиятын жаңыртып, биримдигин айкалыштырууда уникалдуу казакстандык моделди өлкө боюнча киргизүүнү баштадык. Казакстандын бейпил дүйнө куруу боюнча колго алынган глобалдык демилгелерин колдон келишинче колдойбуз.

ВЕСЕЛИН МАРЕШКИ, БОЛГАРИЯ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭЛ ЖЫЙНАЛЫШЫ ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Казакстан Европа Биримдигиндеги Болгария өлкөсүнүн Борбордук Азия аймагындагы эң маанилүү өнөктөшү болуп саналат. Ошол байлынышыбыз үзүлбөй, жыл сайын өнүгүп келет. Эки тараптуу натыйжалуу карым-катнаш орнотууда Нурсултан Назарбаевдин сиңирген эмгеги мол болду. Учурда ошол демилгелер мамлекеттин жаңы башчысы Касым-Жомарт Токаев мырзанын жетекчилиги менен уланып, ийгиликтүү ишке ашырылып жатат.

Фото: shn.tatarstan.ru