Казакстан-Армения ынтымагы кеңейет

 

Нур-Султан менен Ереван өз ара кызматташууну күчөтүүгө басым жасайт. Эки өлкө үчүн кызматташуунун багыттары - айти чөйрөсү, соода жана биргелешкен өндүрүштөрдү түзүү болуп саналат.

Айта кетсек, аны ишке киргизүү үчүн армян серепчилери Иран менен чек арада жайгашкан «Мегри» эркин экономикалык аймагынын мүмкүнчүлүктөрүн колдонууну сунушташат.

 Өз кезегинде дипломаттар, эки мамлекет кызматташтыкка багыт алып, туруктуу диалог менен өз ара аракеттенүүнүн жолунда экенин белгилешет.

ТИМУР УРАЗАЕВ, КАЗАКСТАНДЫН АРМЕНИЯДАГЫ ТОЛУК ЖАНА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ЭЛЧИСИ:

- Бириккен Улуттар Уюму, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму сыяктуу эл аралык уюмдарды кошпогондо дагы, Армения Евразиялык экономикалык биримдик, Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму боюнча жакын кызматташ. Биз биримдикке мүчө болгондуктан, дүйнөдө, коомдо болуп жаткан жараяндарга болгон көз караштарыбыз жакын болууга тийиш. Ошондо гана армян жана казак коомдору тарабынан объективдүү баа алууга болот.

Саясатчы Джонни Меликяндын айтымында, Казакстан саясий жана экономикалык реформалардын конкреттүү багыттарын, бийликтин коомчулук менен конструктивдүү диалогго даярдыгын, күчтүү мамлекет куруу стратегиясын жактаганын көрсөтөт. Бул тармактардын бардыгы Президент Касым-Жомарт Токаевдин кайрылуусунда камтылган. Маанилүү интеграциялык биримдиктер боюнча шериктеш мамлекеттин мындай талдоосу өзгөчө мааниге ээ дешет серепчилер.

ДЖОННИ МЕЛИКЯН, САЯСАТ ЖАНА УКУК ИЗИЛДӨӨ БОРБОРУНУН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Армения Евразиялык экономикалык биримдик курамына кирген соң Казакстан менен экономикалык алкалар тереңдеп, өз ара карым-катнаштарыбызда оң өзгөрүштөр бар. Казакстан Президентинин пландалган расмий сапары да мамлекет аралык байланыштарды жаңы деңгээлге чыгарууга мүмкүнчүлүк берери анык. Ошондой эле, күн тартибине дарамети мол багыттар боюнча кызматташтык алкагын кеңейтүүнү киргизүү зарыл.

Фото: 24.kz