Ив Летерм: «Чоң Евразия» - экономикалык өсүшкө чоң мүмкүнчүлүктөрдү ача турган континент

«Чоң Евразия» - экономикалык өсүшкө чоң мүмкүнчүлүктөрдү ача турган континент. Бул – «Астана клубунун» бешинчи отурумуна катышкан Белгиянын экс-премьер-министри Ив Летермдин пикири.

Анын айтымында, эл аралык талкуулоо аянтынын быйылкы козгогон темасы абдан өзөктүү. Саясатчы заман агымына ылайык экономика түзүлүшүн кайра жаңыртуу ар бир мамлекеттин дүйнөлүк деңгээлде атаандаштыкка туруктуулугун жогорулатуусуна ишенет. Дүйнөлүк көчтөн калбоо үчүн адамдык капиталды жогорулатууга аракет кылуусу керек. Ошондой эле, жумуш менен камсыз кылуу сыяктуу коомдук демилгелердин мүмкүнчүлүктөрүн болушунча керекке жаратуу зарыл. Бул багытта Евразия мейкиндигиндеги Казакстан башкага үлгү, дейт саясатчы. Анын пикиринде, өз учурунда колго алынган реформалар өлкөлүнүн ички дүң өнүмү менен коомдук-экономикалык өсүштүн жигердүүлүгүн тездеткен.

ИВ ЛЕТЕРМ, БЕЛЬГИЯНЫН ЭКС-ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ:

- Эгерде Казакстандын өнүгүшүнө көз жүгүртө турган болсок, акыркы жылдары өлкөнүн экономикасы жигердүү түрдө өсүп келе жатканын байкайбыз. Өз учурунда жарандардын да кирешеси өсүп келет. Албетте, жакшыртууну күтүп турган маселелер бар. Бирок, Казакстандын кирешеси орто жана жогорку мамлекеттерди кубалап келе жатканын өзгөчө белгилеп өткүм келет. Алдыдагы он жылдардын ичинде коомдук-экономикалык тармактары өнүккөн дүйнөнүн абдан кубаттуу мамлекеттеринин бирине айланарына толук ишенем. Азыркы тапта өлкө алдында жаңы экономиканын сын-чакырыктарына туруштук берип, табигый ресурстарга көз карандуулукту азайтуу маселелери турат.

Фото: inform.kz