Швейцария Президенти Ули Маурер Казакстанга келет

Жетинин айынын жыйырма биринде Швейцариянын президенти Ули Маурер мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен Казакстанга расмий сапары менен келет.

Акордонун басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, швейцариялык делегациянын курамында бизнес өкүлдөрү да болот. Жетинин айынын жыйырма экисинде мамлекет башчылар “Акордо” резиденциясында чакан жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрөт деп мерчемделген. Сүйлөшүүлөрдүн алкагында саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана гуманитардык тармактар боюнча эки жактуу кызматташтыктын абалы менен келечеги талкууланат.

Сапардын алкагында Ули Маурер Казакстан өкмөтүнүн башчысы менен жолугушат жана эки өлкөнүн ишкердик топторунун катышуусу менен өтө турган “тегерек столдо” сөз сүйлөйт. Белгилей кетсек, 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча, эки өлкөнүн өз ара соода жүгүртүүсү 3 миллиард доллардан ашкан. Ал эми акыркы 14 жылда Швейцария Казакстанга 47 жарым миллиард доллар инвестиция салган.

Фото: tengrinews.kz